Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Зыяндардын, жамандыктардын башы - жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан, жаман нерселерден сактануу “Таква” деп ааталат. Такыбаа - ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жок кылуу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы - куфур. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда бербейт. Зулумдук менен өлтүрүлгөн капыр шейит болбойт. Бейишке дагы кирбейт. Ыймансыз болгон адамдын эч кандай жакшылыгына сооп берилбейт. Бардык жакшылыктардын негизи - такыбаа. Бардык нерседен мурда такыбаа болууга аракет кылуу керек. Бардык адамдарга такыбаалуу болууну буюруу жана насаат кылуу керек. Дүйнөдө ырахатка, тынчтыкка жетүү, таттуу өмүр сүрүү, акыретте дагы чексиз азаптан кутулуп, түбөлүк жакшылыктарга, бакыттарга жетүү такыбаа менен гана болот. Жаман мүнөздөр көңүлдү оорулуу кылат. Бул оорунун күчөөсү көңүлдүн өлүүсүнө (куфурга) себеп болот. Жаман мүнөздөрдүн эң жаманы болгон ширк (куфур) - жүрөктүн эң жаман уусу. Ыйманы жок адамдын “Менин жүрөгүм таза. Сен жүрөгүмдү кара!” деген сөздөрү бекер. Өлгөн жүрөк таза болбойт.
Куфурдун түрлөрү бар. Булардын ичиндеги эң жаманы, эң чоңу ширк болуп эсептелет. Бир жамандыктын түрлөрүн билдирүү үчүн көбүнчө булардын эң жаманы айтылат. Ошондуктан, аяттарда жана хадис-и шарифтерде кездешүүчү “ширк” сөзүнөн куфурдун бардык түрү деген маани түшүнүлөт. “Ниса” сүрөсүнүн 48 жана 116-аяттарында мушриктердин кечирилбей тургандыгы билдирилген. Ушул аяттар капырлардын Тозок отунда түбөлүк кала тургандыктарын билдирет
I'm using your website. I appreciate what you are doing because in my country there are not many book shops that have Islamic books and if you buy them online they are too expensive.
May Allah blessings be upon you❤
Hamada
Machallah
Dim.. / diman_rm
it is a wonderful job👍 i will support you..
siraat_e_mustaqeem10
جزاك الله خيرًا
May Allah reward you with goodness.
Sitaula
Thankyou
Thank you very much for pdf english book
Ayssam seifu
Musulmane
J'aim mon religion
آیت الکرسی چهار قل یاسین
دعای قرآنی
Leila Roble
Endless bliss
💜💜
n1ha7
Allah razı olsun ebeden daima🌹 Hizmetde daim eylesin.