Даанышман заттар айтышат: Физика илиминде бир эреже бар: Плюс плюсту, минус минусту өзүнө жолотпой түртүп турат. Терс болгон нерселер бири бирине тартылышып турат. Эки киши бири-бирине «меники туура” деп отурса ортодо уруш чыгат, тынчтык кетет. Бири экинчисине «сеники туура” десе уруш бүтөт, тынчтык башталат. Аял-күйөө да бири-бирине «сеники туура” десе тынч жашоо болот. Экөө тең «меники туура” деп отурса тынч жашоо болбойт. Ал эми экөө тең бири-бирине «сеники туура” дей турган болсо эмне болот? Ал үйдө тынчтык өкүм сүрүп, илахи махабат сүйүү башталат. Дос өтө маанилүү. Кимди сүйсөк ошолор менен бирге суракка алынабыз. Кандай жашасак ошондой өлөбүз, кандай өлө турган болсок ошондой тирилебиз.